Кыргызстандын Франциядагы жана Азербайжандагы элчилери дайындалды

Садык Шер-Нияз Кыргыз Республикасынын Франциядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмундагы (ЮНЕСКО) Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Дагы бир жарлык менен Кайрат Осмоналиев Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.