Садык Шер-Нияз ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы өкүлү болууга сунушталды

Садык Шер-Ниязга ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы өкүлү, элчиси болууну сунушташты. Бул тууралуу ал жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирди.

Анын айтымында, ага бул кызматты Тышкы иштер министрлиги сунуштоодо. «Тышкы иштер министри менен сүйлөшүү болду. Бирок расмий эмес түрдө», — деп түшүндүрдү ал.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого парламенттик башкаруу формасын сактап калуу максатында талапкерлигин көрсөткөн. Бирок Садыр Жапаров менен жолуккандан кийин кайра талапкерлигин алып салган.