«Садыр аwа». Депутат Айбек Осмонов кыргыз алфавитин W тамгасы менен толуктоону сунуштады

Бүгүн, 19-апрелде депутат Айбек Осмонов кыргыз алфавитин W тамгасы менен толуктоону сунуштады.

«Ава» деген сөздү Ысык-Көл менен Баткенде көп колдонушат, аны билесиңер. Мисалы, Садыр ава, Султанбай ава. Мен сүйлөгөндө «Садыр ава» дей берем. А кат жазып калсам, урматтуу Садыр ава деп жазамбы же аба деп жазамбы? Биз W тамгасын киргизишибиз керек. Айтылганы менен жазылганы туура эмес болуп калып жатат», — деди ал.