Бүгүн, 8-февралда Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкек шаарында жаңы райондук электр тармагы — «Түндүк» РЭТи ишке кирди. Мамлекет башчысы жаңы «Түндүк» райондук электр тармагынын иши менен таанышып, имаратты көрүп чыгып, энергетиктер менен баарлашты.
Жергиликтүү тургундар жана энергетиктердин алдында сүйлөп жатып, президент Садыр Жапаров Кыргызстанда эгемендүүлүктү алгандан бери өлкөнүн энергетиктери биринчи жолу өз күчү менен кыска мөөнөттө жаңы райондук электр тармагы — «Түндүк» РЭТти куруп, ал ишке киргизилип жатканын белгиледи. Ошондой эле, мамлекет башчысы бүгүнкү күндө энергетиктердин өз күчү менен көмөкчордондор да курулуп, ишке берилип жатканын кошумчалады. Бир айдан кийин ушундай эле РЭТ курулушу Ошто башталат. «Дагы да болсо өлкө боюнча өтө жогорку деңгээлдеги муктаждыктарыбыз бар. Эң акыркы он беш жылдан бери бир дагы ушундай көмөкчордондор өз күчүбүз менен курулган эмес, бир дагы РЭСибиз курулган эмес. Электр энергияны сырттан импорттоп келгенбиз. Мына бүгүн дагы импорттоп алып келип жатабыз. Өзүбүздө ГЭС курган эмеспиз. Мындан ары эми ГЭСтерди куруу маселесин алгылыктуу тема кылып, алдыдагы жылдарда энергетикалык кризистен чыгабыз», — деди ал.
Садыр Жапаров Кыргызстан электроэнергияны импорттоочу өлкөдөн экспорттоочу өлкөгө айланышы үчүн тынымсыз аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи. Кыргызстандын энергетиктери дагы күн-түн дебей иш алып барууда. Президент 1-апрелден тарта бюджеттик тармактын кызматкерлеринин, анын ичинде мугалимдердин, милиционерлердин жана энергетиктердин айлык акысын көтөрүү планы тууралуу айтып берди. Андан соң мамлекет башчысы Ак-Босого конушунун жашоочуларынын суроолоруна жооп берди.
Аракетьер аябай корулуп жатат, убактылуу кыйналсак дагы ажобузду колдоп турсак, баардык жакшы кундор алдыда экенинен умутубуз чон!
Саламатта болунуз
Убадалар убагы менен ишке ашсын деп тилек кылалы.
Аллах раазы болсун ажообуздан айлык маянаны которуп атыптыр. Бирок ажообуз айлыкты которгондон мурда керексиз документ иштерин азайтса,мугалимдер кобуроок убактысын практикалык сабактарга арнаса жакшы болмок. Болбогон кагаздарды сатып алып туну-куну жазасын, комиссия келатат деп жетекчилер алардын келип кеткенине,тамагына акча чогултушат. Айлыктын 30% дакументке,20%жеп Кетер комиссияларга кетет. Ушугада бир чара колдонсонор жакшы болмок.
Сиз которгон маселени президент эмес, министринер чечиш керек, майдачуйдонун баарын эле президенттке чаптай бересинерби.
Ийгилик. Кыргызстан оного берсин. Бир нерсе бар да азыр баары кымбаттап кетти акчанын баркы кетип баратат мурдагы центра отсок болмок. Макул биз эптеп жан багарбыз. Бирок жакыр адамдар кантип нан таап жешет. Мурдагыдай арзан болгондо бир аз болсо да уй булосун башмак. Кыйналып араба тартып жургондор канча Кыргызстандын эле ичинде. Биздин олкодо иштей албай. Акча таба албай канчалаган адамдар мекендештерибиз миграциялап башка олколордо журушот. Макул чон киши болсо да . Бирок жаш жаш жигиттер кыздар барып иштейм деп стройкада каза болуп сууга чогуп олуп ата энеси балдарынын соогун акча жоктугунун айынан Кыргызстанга алып келе алышпай куйуп жатышат. Кымбатчылыкты токтотуп айлыкты кобойтуп ар бир Кыргызстандыктарды иш менен камсыз кылсаныз болот эле.
Ассаламу алейкум кыргыз елим бизде еле емес елдин барында кымбатчылык болуп Жатат байкуш биздин ажобуз каяктан арзан продукта тапсын бизге биз еле емес бут олколордо кымбатчылык болуп жатат башка жактарда эттин баасы 2000сомдон ашат екен биздики анчалык болгон жокта ушуга шугур кылалы байкуш Садыр байке президент болгондон бери карып шишип кыйналып кетти жакшы еле аракет кылып жатат кичине сабыр кылып туралы бары жакшы болот инша аллах☝️🤲🤲
Садыр байке аман болунуз аллахым ден солук берсин ☝️🤲🤲 аминь аминн
Жогорудагы Алтынай айымдын оюна кошулам.Мугалимдердин убактысын алган-керексиз( эч кимге) иш кагаздары. Ошол казаздарды жазган убакытта окуучуга керектүү маалыматты издеп, сабакты таасирдүү өтүү үчүн даярданса болот. Мугалимдин эмгек стажына карап, жаш адистер ( 5 жылга чейин) сабактын структурасын үйрөнүү үчүн сабактын иштелме- планын жазыш керек. Ошол кайталанма иш кагаздарды жазганы менен, окуучуга жеткиликтүү сабакты түшүндүрүп бере албаса, кайдагы билим сапат?
Мамлекеттик жарандык кызматкерлериники айлык маянасы качан которулот