Садыр Жапаров: «1-апрелден тарта мугалимдердин, милиционерлердин жана энергетиктердин айлык акысы көтөрүлөт»

Бүгүн, 8-февралда Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкек шаарында жаңы райондук электр тармагы — «Түндүк» РЭТи ишке кирди. Мамлекет башчысы жаңы «Түндүк» райондук электр тармагынын иши менен таанышып, имаратты көрүп чыгып, энергетиктер менен баарлашты.

Жергиликтүү тургундар жана энергетиктердин алдында сүйлөп жатып, президент Садыр Жапаров Кыргызстанда эгемендүүлүктү алгандан бери өлкөнүн энергетиктери биринчи жолу өз күчү менен кыска мөөнөттө жаңы райондук электр тармагы — «Түндүк» РЭТти куруп, ал ишке киргизилип жатканын белгиледи. Ошондой эле, мамлекет башчысы бүгүнкү күндө энергетиктердин өз күчү менен көмөкчордондор да курулуп, ишке берилип жатканын кошумчалады. Бир айдан кийин ушундай эле РЭТ курулушу Ошто башталат. «Дагы да болсо өлкө боюнча өтө жогорку деңгээлдеги муктаждыктарыбыз бар. Эң акыркы он беш жылдан бери бир дагы ушундай көмөкчордондор өз күчүбүз менен курулган эмес, бир дагы РЭСибиз курулган эмес. Электр энергияны сырттан импорттоп келгенбиз. Мына бүгүн дагы импорттоп алып келип жатабыз. Өзүбүздө ГЭС курган эмеспиз. Мындан ары эми ГЭСтерди куруу маселесин алгылыктуу тема кылып, алдыдагы жылдарда энергетикалык кризистен чыгабыз», — деди ал.

Садыр Жапаров Кыргызстан электроэнергияны импорттоочу өлкөдөн экспорттоочу өлкөгө айланышы үчүн тынымсыз аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи. Кыргызстандын энергетиктери дагы күн-түн дебей иш алып барууда. Президент 1-апрелден тарта бюджеттик тармактын кызматкерлеринин, анын ичинде мугалимдердин, милиционерлердин жана энергетиктердин айлык акысын көтөрүү планы тууралуу айтып берди. Андан соң мамлекет башчысы Ак-Босого конушунун жашоочуларынын суроолоруна жооп берди.