Садыр Жапаров: «1-августтан тарта бардык мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт»

1-августтан тарта бардык мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы жогорулайт. Бул тууралуу президент Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Садыр Жапаровдун айтымында, «Кумтөр» компаниясынын айланасындагы көйгөйлөр жана бюджеттин киреше бөлүгүнө байланышкан башка маселелердин чечилиши менен мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин айлыктарын көтөрүүгө мүмкүн болду.

«1-августтан тарта бардык мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрөбүз», — деди ал.