Садыр Жапаров: «10 күн ичинде УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жоюлат»

«Бизнеске жагымдуу шарттарды түзүү менен бирге тышкы инвесторлорго гана эмес, өзүбүздүн ички инвесторлорго дагы көңүл буруу абдан маанилүү», — деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда бизнес коомчулук менен болгон жолугушууда. Мамлекет башчысы инвесторлор менен иштөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Инвестициялар министрлиги түзүлгөндүгүн белгиледи. Бул министрликке олуттуу тапшырмалар жүктөлдү жана андан жакынкы арада чечкиндүү кадамдар күтүлүүдө.

Ошону менен бирге Юстиция министрлиги нормативдик-укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча иш жүргүзүп жатат, бул маанилүү иш-чаранын алкагында бардык укуктук нормалардагы ишкерлерге каршы колдонулуп жаткан карама-каршылыктар жоюлсун деген талап коюлууда. Буга өзгөчө көңүл бурулат.

Мындан сырткары, жакынкы 10 күндүн ичинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетиндеги Антикоррупциялык кызмат жоюлат. Бул боюнча тийиштүү жарлык даярдалып жатат. Садыр Жапаров Башкы прокуратура ишкерлерди жана инвесторлорду коргой турган негизги органга айланышы керектигин өзгөчө белгиледи. Башкы прокуратура бизнестин таламын талашкан, укугун коргой турган милдеттерди моюнуна алат. Буга байланыштуу Башкы прокуратурага атайын жана тийиштүү чечимдерди тез арада даярдап чыгуу тапшырылды. Бул чараны ишке ашырууну тездетүү үчүн министрлер кабинетинин төрагасына Улукбек Мариповго жана Башкы прокурор Курманкул Зулушевге тапшырма берилген.