Садыр Жапаров 1999-жылдан бери иштебей турган “Нарын” аэропортунун реконструкциялоо иштери менен таанышты

Президент Садыр Жапаров кечээ, 11-мартта Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында “Нарын” аэропортун реконструкциялоо иштери менен таанышты. Ал аэробекеттин жаңы имаратынын курулушунун жүрүшүн карап чыкты. Анда курулуш иштери аяктоо алында турат.

“Манас” эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, аэропорттун имараттары жана курулуштары 1964-жылы, жасалма учуп-конуу тилкеси, башкаруу жолдору жана перрон – 1974-жылы ишке берилген. Ушул жылдын жазында аэропорттун аэродромунун асфальт-бетон төшөлмөсүн, учуп-конуу тилкесин, башкаруу жолдорун жана унаа токтотуучу жайларды оңдоо, калыбына келтирүү иштерин баштоо пландалууда. Аба каттамынын азайышы жана жүргүнчүлөрдүн жоктугунан аэропорт 1999-жылдан бери иштебей турган. Оңдоо иштери аяктагандан кийин бардык келген жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн тиешелүү шарттар түзүлүп, ошондой эле Нарын облусуна ички каттамдарды жандандырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ушул эле жерде Манасбек Самидинов учурда 2022-жылы башталган “Казарман” аэропортунун асфальт-бетон төшөлмөсүн, учуп-конуу тилкесин, башкаруу жолдорун жана унаа токтотуучу жайларды оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканы боюнча маалымат берди. Долбоордун аяктоо мөөнөтү 2023-жылдын үчүнчү кварталына пландаштырылган. “Казарман” аэропорту 80-жылдардын башында курулган, аэробекеттин өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 40-50 жүргүнчү. Аэробекеттин имаратын оңдоо иштери акыркы жолу 2018-жылы жүргүзүлгөн.