“3-октябрда Садыр Жапаровдун Италия Республикасынын президенти Серджо Маттарелла, Италия Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасы Жорджей Мелони, Италия Республикасынын депутаттар палатасынын төрагасы Лоренцо Фонтана жана Италия Республикасынын сенатынын төрагасы Иньяцио Ла Русса менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган. Италияга болгон сапардын алкагында тараптар кыргыз-италиялык мамилелеринин бүтүндөй комплексин жана алардын өнүгүү келечегин талкуулашат, ошондой эле эл аралык күн тартиби боюнча пикир алмашат. 4-октябрда Садыр Жапаровдун Рим Папасы Франциск менен жолугушуусу болот”, — деди Муратбек Азымбакиев.
Садыр Жапаров Орунтаевди эмне үчүн Франциянын курортуна жөнөткөнүн айтты
Өлкө башчысы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, "Жаңы жылдык эс алуу күндөрүндө сиз Орусиянын Алтай крайындагы “Манжерок” курортуна барганыңызды,...