Садыр Жапаров 2-4-октябрда Италияга жана Ватиканга расмий сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 2-4-октябрь күндөрү Италия жана Ватиканга расмий сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин  администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“3-октябрда Садыр Жапаровдун Италия Республикасынын президенти Серджо Маттарелла, Италия Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасы Жорджей Мелони, Италия Республикасынын депутаттар палатасынын төрагасы Лоренцо Фонтана жана Италия Республикасынын сенатынын төрагасы Иньяцио Ла Русса менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган. Италияга болгон сапардын алкагында тараптар кыргыз-италиялык мамилелеринин бүтүндөй комплексин жана алардын өнүгүү келечегин талкуулашат, ошондой эле эл аралык күн тартиби боюнча пикир алмашат. 4-октябрда Садыр Жапаровдун Рим Папасы Франциск менен жолугушуусу болот”, — деди Муратбек Азымбакиев.