Ишемби, 31.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Жапаров Ысык-Көлдөгү пансионаттарды тазалоочу курулмалары жок иштетүүгө тыюу салды

09:37 27.04.2022
0
Жапаров Ысык-Көлдөгү пансионаттарды тазалоочу курулмалары жок иштетүүгө тыюу салды

Президент Садыр Жапаров “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Азыркы учурда Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында жагымсыз экологиялык кырдаал түзүлүүдө, ал көл комплексинин рекреациялык баалуулугунун төмөндөшүнө алып келди жана болуп жаткан терс тенденциялар сакталган учурда кайтарылгыс экологиялык жана экономикалык жоготууларга алып келиши мүмкүн.

Көлдү жана Ысык-Көлдүн аймагын булгоонун негизги булактарынын бири Ысык-Көлгө куюучу дарыялардын жээгиндеги зоналарда жана жээктеринде жайгашкан шаарлар жана калктуу конуштар болуп саналары белгиленет. Тургундар, уюмдар, ишканалар саркынды сууларды жана калдыктарды дарыяларга, ошондой эле айрым жерлерде түздөн-түз көлгө агызууда, анткени тазалоочу курулмалар же таптакыр жок, эгер бар болсо, тазалоо сапаты белгиленген талаптарга жооп бербейт. Натыйжада көлгө органикалык жана химиялык кошулмаларды камтыган кооптуу булганган саркынды суулардын олуттуу көлөмү кошулуп жатат.

Ысык-Көлдүн тазалыгына түздөн-түз жээктеги зонада жайгашкан жана иштеген жана ишенимдүү тазалоочу курулмалар менен жабдылбаган жүздөгөн пансионаттар жана эс алуу үйлөрү олуттуу терс таасирин тийгизүүдө. Көлдүн сууну коргоо зонасында жер участоктору рекреациялык гана эмес, чарбалык максаттарда да активдүү өздөштүрүлүүдө. Көлдүн жээгин жеке пансионаттар, эс алуу үйлөрү, коттедждик поселоктор, конок үйлөр, мейманканалар жана башка объекттер тарабынан иш жүзүндө ээлеп алып, курулуш жүргүзүлүп жатат, Ысык-Көлдүн суусунан 500 жана 100 метр жакын аралыкта рекреация объекттеринен башка объекттерди курууга, пайдаланууга жана корголуучу ландшафттардын зонасына бардык түрдөгү объекттерди жайгаштырууга тыюу салуу одоно бузулган.

Көптөгөн жеке пансионаттар, эс алуу үйлөрү, мейманканалар жана башка объекттер канализация системалары жана тазалоочу курулмалар менен камсыз кылынган эмес, бул рекреациялык региондун олуттуу көйгөйү болуп саналат. Жылдан жылга республикалык жана жергиликтүү бийлик органдары аталган рекреация объекттерине сезонго уруксат бербөө жөнүндө чечимди кабыл алат, бирок жыйынтыгында алар иштеп, киреше табууну улантууда. Балыкчы, Каракол, Чолпон-Ата шаарларындагы канализация жана саркынды сууларды тазалоо курулмалары көп жылдык эксплуатациялоонун жана реконструкциялоо, капиталдык оңдоо иштеринин өз убагында жүргүзүлбөгөндүгүнүн натыйжасында жараксыз болуп калган, өзүнүн функциясын аткарбай, агындыларды механикалык тазалоону гана жүргүзөт. Мунун бардыгы Ысык-Көлдүн сууну коргоо зонасы үчүн кошумча экологиялык тобокелдиктерди жаратат.

“Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 445 “Ысыккөл облусунун аймагында курортук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежесин бекитүү жөнүндө” токтомунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 77 “Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын, Ысык-Көл экологиясын сактоо боюнча мыйзамдардын жана Ысык-Көл биосфералык зонасынын шаар курууну өнүктүрүү жана аймагын көрктөндүрүүнү күтүү тартибин жана шарттарын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын аткарылышы негизинен алганда көзөмөлдөнбөйт жана эч ким тарабынан контролдонбойт.

Шаар куруу жана рекреация объекттеринин аймагын көрктөндүрүү чөйрөсүндөгү экологиянын талаптарын жана ченемдерин этибарга албоо негизинен алганда мыйзамдардын, башка ченемдик укуктук актылардын жана “Ысык-Көл” биосфералык зонасынын аймагын шаар курууну өнүктүрүү боюнча башкы пландардын иштебей жатышын шарттайт. Бүгүнкү күндө Ысык-Көл мурдагыдан да коргоого жана аяр мамиле кылууга муктаж. Биосфералык зонанын экологиялык кыйроосун болтурбоо жана Ысык-Көлдү сактоо, ага жанаша жаткан аймакты натыйжалуу пайдалануу жана башкаруу, шарттарды түзүү жана Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык жана туристтик инфратүзүмүн өнүктүрүүнү контролдоону камсыз кылуу максатында токтом кылынат:

2023-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөргө тыюу салынсын:

– Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасында менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан инженердик коммуникациялар жана курулмалар (суу алуучу, суу түтүгү, канализация тармагы, канализациялык насостук станция жана тазалоочу курулмалар) менен камсыз болбогон санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттедждик поселоктордун, конок үйлөрүнүн, мейманканалардын жана башка рекреация объекттеринин иштөөсүнө;

– кезектеги курорттук сезонго суу түтүгү, канализация системалары жана тазалоочу курулмалар менен камсыздалбаган санаторийлерге, пансионаттарга, эс алуу үйлөрүнө, коттедждик поселокторго, конок үйлөрүнө, мейманканаларга жана башка рекреация объекттерине иштөөгө даярдыгы жөнүндө паспорт берүүгө.

  1. Ушул жарлыктын 1-пунктунун аткарылышы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Ысык-Көл облусунун райондук мамлекеттик администрацияларынын башчыларына жана Балыкчы, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларынын мэрлерине жүктөлсүн.
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

– 2022-жылдын 1-июлуна  чейин өзүнүн жыйналышында “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 445 “Ысыккөл облусунун аймагында курортук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежесин бекитүү жөнүндө” токтомунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 77 “Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын жана Ысык-Көл биосфералык зонасынын шаар курууну өнүктүрүү жана аймагын көрктөндүрүүнү күтүү тартибин жана шарттарын жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардын министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Ысык-Көл облусунун шаарларынын мэриялары тарабынан аткарылуу маселесин карасын;

– 2023-жылдын 1-июнуна чейин төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

Балыкчы, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында тазалоочу курулмаларды курууну жана реконструкциялоону;

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында таштандыны кайра иштетүүчү заводду курууну;

– 2023-жылга республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө ушул Жарлыкты ишке ашырууга бюджеттик каражаттардын бөлүнүшүн караштырсын.

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2023-жылдын 1-январына чейин “2023-2026-жылдары Ысык-Көлдү коргоо жана Ысык-Көлдүн биосфералык зонасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү” комплекстүү мамлекеттик программасын иштеп чыксын жана бекитсин.

Программанын максаты – Ысык-Көлдү коргоо жана Ысык-Көлдүн биосфералык зонасын адам ишинин, техногендүү жана табигый факторлордун натыйжасында жаратылыш чөйрөсүнө тийген терс таасиринен сактоо.

Программанын милдеттери:

– Ысык-Көлдүн биосфералык зонасынын суу объекттерине булгоочу заттарды чыгарууну кыскартуу;

– өнөр жай жана тиричилик калдыктары менен булгануу деңгээлин төмөндөтүү, ошондой эле абдан булганган аймактарды калыбына келтирүүнү камсыз кылуу;

– Ысык-Көлдүн биосфералык зонасынын курорттук-рекреациялык потенциалын натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу;

– Ысык-Көлдүн биосфералык зонасынын биологиялык ресурстарын сактоо жана кайра өндүрүү;

– Ысык-Көлдүн экологиялык системасына мамлекеттик экологиялык мониторинг жүргүзүүнү өнүктүрүү;

– Ысык-Көлдүн жээктерин, Ысык-Көлдүн биосфералык зонасынын дарыяларын жана башка көлмөлөрүн коргоо системасын өнүктүрүү.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Жаңы гимн  тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу  керек»

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Жаңы гимн тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу керек»

Автор Айзада Тураркулова
11:41 28.01.2026
0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн жыйында гимн тууралуу маселе козгоду. "Сунушталган гимндердин баары марш стилде жазылган, аны баары...

Садыр Жапаровдун өлкө башчысы болгонуна 5 жыл

Садыр Жапаровдун өлкө башчысы болгонуна 5 жыл

Автор Айзада Тураркулова
10:13 28.01.2026
0

Бүгүн, 2026-жылдын 28-январында Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришкенине беш жыл толду. Президенттин сүрөтчүсү Султан Досалиев өлкө башчысынын буга...

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Автор Айзада Тураркулова
12:43 27.01.2026
0

Бугүн, 27-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети мамлекеттик гимн сынагынын 2-айлампасынан өткөн үч гимнди...

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

Автор Айзада Тураркулова
14:45 20.01.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:48 14.01.2026
0

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү