Садыр Жапаров: «2035-жылга чейин тышкы карызды төлөп бүтөбүз»

Бүгүн, 20-февралда президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек куруп, анда тышкы карыз, аны төлөө тартиби боюнча пикирин билдирген. Анда өлкө башчысы тышкы карызды бир күндө төлөп койсо болоорун, бирок бул бизге пайдасыз экенин кошумчалаган.

«Сырткы карызыбыз 4,5 миллиард доллар. Биз азыр сырткы карыздан коркпойбуз. 2020-жылга чейин коркуп келгенибиз анык. Анткени, 2020-жылы бюджетибиз 250 миллиард сомдун тегереги болчу. ИДП болсо 700 миллиарддын тегереги эле. Азыр бюджетибиз 700 миллиард сомго жетти. ИДП болсо 1,5 триллион сомдон ашты. Бүгүн алтын валюта резервибиз 6 миллиард долларга жакын болуп турат. 2020-жылы 2 миллиард доллардын тегереги эле. Бүгүн Улуттук банкта 60 тоннага жакын алтын запасыбыз топтолду. Бул көрсөткүч 2020-жылы 16 тонна болчу. Кредитти алып жатканда 30-40 жылга чейин 2% (пайыз) менен алыптырбыз. Келишимдин эрежесине ылайык, эгер убагынан эрте төлөй турган болсок, анда үстөк пайыз менен төлөйсүңөр деп кол коюлган экен. Ошол үчүн ушул убакыттан эрте төксөк, анда 2 пайыз эмес, үстөк пайыз менен төлөйсүңөр деп турат. Башында менде деле тышкы карызды бир күндө жаап салалы деген ой болгон. Бирок бизге пайдасыз болгондон кийин өз убагында эле график менен төлөп кете берели дедим. 2035-жылга чейин негизги тышкы карызыбызды график менен эле төлөп бүтөбүз. Ошондуктан тышкы карыздарыбыз бизге көйгөй эмес», — деген Садыр Жапаров.