Садыр Жапаров 25-26-декабрда Орусияда болот

Президент Садыр Жапаров 25-26-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги отурумуна жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө мамлекет башчылары тарабынан Биримдиктин мындан аркы ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон чечимдер каралат. Атап айтканда, комиссиянын коллегиясынын жана ЕАЭБ сотунун мүчөлөрү, Биримдиктин эл аралык ишмердүүлүгүнүн 2024-жылга негизги багыттары, ЕАЭБ макроэкономикалык саясатынын 2024-2025-жылдарга багыттары бекитилет. 2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн милдеттери жана негизги багыттары каралат. отурумдун алкагында Иран менен ЕАЭБДин эркин соода аймагы жөнүндө Макулдашууга кол коюу күтүлүүдө.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин бейформал жолугушуусунда 2023-жылы өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыктары чыгарылат, келечекке карата негизги милдеттер аныкталат, актуалдуу эл аралык жана регионалдык темалар боюнча пикир алмашуу болот», — деди Муратбек Азымбакиев.