Садыр Жапаров мындай пикирин кечээ, 10-январда президенттик шайлоо жана өлкөнү башкаруу формасын тандоо референдуму жыйынтыкталгандан кийин маалымат жыйында билдирди.
“Тышкы карызды чечүүнүн жолдорун пландаштырып жатабыз. Буюрса, бул боюнча долбоорлорубуз бар. Алгачкы 2-3 жылда тышкы карыздын баарын жабабыз деп сөз бере албайм. Анткени, экономика, энергетика системасында кыйынчылыктар бар. Алдыңкы 1-2 жыл биз үчүн өтө кыйын болот. Ошондой эле саясий туруктуулугубуз да бекем эмес. Муну ачык эле моюнга алышыбыз керек. Бирок 3-4 жылдан кийин тышкы карыздарыбызды толук жапканга мүмкүнчүлүк алабыз”, — деди Жапаров.