Садыр Жапаров: “3-4 жылда тышкы карызды жабабыз”

Садыр Жапаров мындай пикирин кечээ, 10-январда президенттик шайлоо жана өлкөнү башкаруу формасын тандоо референдуму жыйынтыкталгандан кийин  маалымат жыйында билдирди.

“Тышкы карызды чечүүнүн жолдорун пландаштырып жатабыз. Буюрса, бул боюнча долбоорлорубуз бар. Алгачкы 2-3 жылда тышкы карыздын баарын жабабыз деп сөз бере албайм. Анткени, экономика, энергетика системасында кыйынчылыктар бар. Алдыңкы 1-2 жыл биз үчүн өтө кыйын болот. Ошондой эле саясий туруктуулугубуз да бекем эмес. Муну ачык эле моюнга алышыбыз керек. Бирок 3-4  жылдан кийин тышкы карыздарыбызды толук жапканга  мүмкүнчүлүк алабыз”, — деди Жапаров.