Бүгүн, 13-мартта «Ынтымак Ордо» Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун кеңейтилген курамдагы эки тараптуу жолугушуусу өтүүдө.
Садыр Жапаров сөз сүйлөп жатып, 31-мартта Худжандга Нооруз майрамын белгилөөгө барарын айтты.
«Учурдан пайдаланып чакырууга ыраазычылык билдирем жана барам. Нооруз майрамын биргелешип белгилөө Борбор Азия өлкөлөрүнүн достугун, ынтымагын билдирген салтка айланат деп ишенем», — деди Жапаров.
Тажикстандын президенти сөз сүйлөп жатып, Нооруз майрамын белгилөөгө Кыргызстан жана Өзбекстандын башчылары чакырылганын билдирди.