Садыр Жапаров 6-чакырылыштын депутаттарын чайга чакырганы айтылууда

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары бүгүн, 29-декабрда “Ала-Арча-1” мамлекеттик резиденциясына чакырылды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты. 

Алардын маалыматтарына караганда, президент Садыр Жапаров экс-депутаттарды чайга чакырды. «Андан кийин парламенттин мурдагы депутаттарынын өздөрүнүн иш-чарасы бар», — деп жазышты.

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары акыркы сессиясын жапкан жок. Регламентке ылайык, парламенттин ар бир сессиясы мамлекеттик гимндин коштоосунда салтанаттуу жабылат.