Садыр Жапаров 6-чакырылыштын депутаттарын чайга чакырдыбы? Расмий жооп

Бүгүн жергиликтүү ЖМКлар Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары “Ала-Арча-1” мамлекеттик резиденциясына чакырылганын жазып чыгышкан. Мындан тышкары жолугушуудан кийин парламенттин мурдагы депутаттарынын өздөрүнүн иш-чарасы бар экени да айтылган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев маалымат чындыкка дал келбестигин билдирди. «Президенттин катышуусу менен пландаштырылган эмес», — деди ал.