Садыр Жапаров абадан коргонуу бөлүктөрүнө барды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 26-мартта, Кыргыз Республикасынын абадан коргонуу бөлүктөрүнө пландан тышкары барып, алардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Мамлекет башчысы аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттарын карап чыкты. 1961-жылдан бери бул жердеги имараттар менен курулуштар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Президент казармаларды жана офицерлер үй-бүлөсү менен жашаган турак жайларды куруу жана капиталдык реконструкциялоо иштерин үч айдын ичинде бүткөрүү тапшырмасын берди. Ошондой эле аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсүнүн башка шарттарын да жакшыртуу тапшырылды.