Президент Садыр Жапаров айрым жеке ишкерлер инвесторлорду алдап кетип жатканын билдирди. Бул тууралуу өлкө башчысы социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Акыркы жылдары биздин өлкөгө чет мамлекеттерден инвесторлор көп келе башташты. Албетте, бул бизди абдан кубандырат. Себеби сырттан инвестиция кирбесе, өлкөнүн өнүгүшү кыйын. Тилекке каршы, айрым инвесторлорду жеке ишкерлер алдап кеткен учурлар катталып, алар арыз жазып жатышат. Албетте, күч органдары андайларды камакка алып, инвестордун акчасын кайтарып берүүдө. Бул аларга ашыкча түйшүк жаратып, өлкөбүздүн аброюн түшүрүүдө.
Кыргызда “Бир карын майды бир кумалак чиритет” деген таамай айтылган сөз бар. Арабыздан анча-мынча тентектер чыгып жатат. Алдамчылык жарытпайт, туугандар. Токтоткула мындайды.
Колуңардан келишинче мамлекеттик мекемелер менен, мисалы, Экономика жана коммерция министрлиги, Инвестиция тартуу боюнча агенттиги, облус, район, айыл өкмөт башчылары аркылуу иштесеңиздер ишенимдүү болот эле.