Садыр Жапаров: «Айрым кызмат адамдары өлкөдө кардиналдуу өзгөрүүлөр болгонун түшүнүшкөн жок»

«Мен тиешелүү мамлекеттик органдар шайлоо мыйзамдарын бузууга кандай болбосун аракеттерге токтоосуз жана ыкчам чара көрүүсү, күнөөлүү адамдарды тийиштүү тартип, жазык жана башка жоопкерчиликке тартуусу жөнүндө бир нече жолу айтып келем». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

«Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин же алардын кол алдындагы адамдардын бири дагы шайлоо процессине кийлигишпеши керек. Ага жол берилбейт. Мыйзамдын бардык ченемдерин кынтыксыз аткаруу принциби мамлекеттик башкаруунун бүтүндөй системасы сыяктуу эле, шайлоо процессинин эң негизги өзөгү болууга тийиш. Эч кимдин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга укугу жок. Бул өзгөчө парламенттик шайлоодо өтө маанилүү. Тилекке каршы, айрым кызмат адамдары өлкөдө кардиналдуу өзгөрүүлөр болгонун түшүнүшкөн жок. Алар мурдагыдай эле кызматтык укуктарын пайдаланып, кайсы бир депутатка же саясий бирикмелерге жардам бере алабыз деп ойлошкон.

Өзүңүздөр жакшы билгендей, мындай кызмат адамдарына колдонуудагы мыйзамдардын негизинде чара көрүлүп, айрымдары ээлеген кызматынан кечиктирилгис түрдө бошотулду. Бул көрүлгөн чараларды туура деп эсептейм! Чыныгы демократиялык жана таза шайлоо мыйзамдын үстөмдүгү жана анын талаптарын кынтыксыз сактоо принциптерине негизделиши керек. Дагы бир жолу белгилеп кетем, мамлекеттик чиновниктер, уюмдар, жарандар жана башкалар үчүн мыйзамдын талаптары бардыгына бирдей. Өзүңүздөр көрүп турасыздар, шайлоо процессине кийлигишүү фактыларына бөгөт коюу иштери бардык деңгээлде жүргүзүлүп жатат. Мындай иштер Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Ички иштер министрлиги тарабынан шайлоочуларга таасир этебиз деп ойлошкон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө карата дагы жүргүзүлүп жатат. Биз мындай фактыларга чечкиндүү, оперативдүү жана эффективдүү түрдө бөгөт коебуз», — деди ал.