Садыр Жапаров “Ак-Суу” балдар реабилитациялык борборуна барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-апрелде Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын “Ак-Суу” реабилитациялык бөлүмүнө барды.

Бул борбор 100 орунга ылайыкташып, атайын борбордук нерв системасынын оорулары, тагыраак айтканда церебралдык шал оорусу менен балдарды дарылоого багытталган. Анын аймагында ошондой эле дарылык касиетке ээ жана оорулуунун организминин нерв системасындагы бузулууларды калыбына келтирүүгө оң таасирин тийгизген термалдык радон булактары бар. Учурда “Ак-Суу” реабилитациялык бөлүмүндө өлкөнүн ар кайсы облустарынан келген 72 бала дарыланууда. Ушул жылдын биринчи кварталында 500дөн ашык бала реабилитациядан өткөн.

Санаторийде совет доорунда курулган 3 корпус бар, алар бүгүнкү күндө капиталдык реконструкцияга муктаж. Ошол эле учурда балдарды реабилитациялоо жана аларды карап жаткан ата-энелер үчүн зарыл шарттар бар. Мамлекет башчысы реабилитациялык борборду кыдырып чыгып, медицина кызматкерлери менен баарлашууда мекеменин орчундуу көйгөйлөрүн чечүү жана аны капиталдык реконструкциялоого каражат табуу маселеси карала турганын белгиледи. Материалдык-техникалык базанын жаңыланышы толугу менен заманбап мекемеге айланууга жана медициналык туризмди өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Садыр Жапаров бул реабилитациялык бөлүмдүн уникалдуулугун баса белгилеп, борборду керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздоону, ошондой эле жаңы тез жардам унааларынын бирин бөлүп берүүнү тапшырды.

Андан ары мамлекет башчысы “Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол” эл аралык автожолунун реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Трассанын жалпы узундугу 141,6 чакырымды түзөт. Бөлүүчү тосмо менен төрт тилкелүү жол курулууда. 2024-жылдын ноябрында биринчи бөлүгүнүн реконструкциясынын аякташын убада кылышууда.