Садыр Жапаров: «Алдыдагы 10 жыл ичинде 30 жылдан бери алган карызды төлөө керек»

Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясын жыйынтыктоочу жыйынында сөз сүйлөдү.

«Урматтуу эл өкүлдөрү, биздин алдыбызда өлкөнүн сырткы карызын төлөө, каржы булактарын табуу керек деген чоң маселебиз бар! Тагдырдын жазмышы экен, бул чоң көйгөй менин учурума туш келди. Буга чейинки берилген маалыматтарга ылайык, быйыл 23 миллиард сом, эмдиги жылы 25 миллиард сом тегерегиндеги сырткы карызды жабуу милдети турат. Алдыдагы 10 жыл ичинде 30 жылдан бери алган карыздарыбызды төлөшүбүз керек. Төлөй албасак, өлкөнүн беделине шек келгени турат», — деди ал.