Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда иш сапары менен Астана шаарына жөнөп кетти.
Мамлекет башчысы «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Кечинде президент Кыргыз Республикасынын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:
— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дюшекеев;
— Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов;
— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов.