Садыр Жапаров Алмазбек Атамбаевди саясий туткун деп эсептеберин айтты

«Алмазбек Атамбаевди мен камаган эмесмин. Мен аны саясий туткун деп эсептебейм, анын бир эмес, ондой кылмыш иши бар». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров маалымат жыйында билдирди.

 «Мен жөндөн-жөн эле камалдым. Уурулук кылган эмесмин, кылмышка аралашкан эмесмин. Мени төрт жыл мурун Караколдо болгон окуяга байланыштуу камашкан. Мени эле эмес, 13 кишини камашты. Алардын күнөөсү эмнеде? Ошондой эле туугандарым, уулум, инимди камашканын да билесиздер. Алар убактылуу кармоочу жайда отурушту, 6 айдан кийин акталып чыгышкан. Бул саясий иш болгонун баары билет», — деди ал.