Садыр Жапаров «Алтын Балалык» реабилитациялык комплексин 1-июнга чейин бүтүрүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Алтын Балалык» медициналык-реабилитациялык комплексине барды. Мамлекет башчысы комплекстин ишмердиги менен таанышып, медициналык имаратты жана палаталарды, курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымдагандай, комплекс өлкөнүн алыскы аймактарынан келген балдардын жана энелердин, жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ден соолугун калыбына келтирүү жана чыңдоого ылайыкталган.

Буга чейин каражаттын тартыштыгынан улам комплекс бүтпөй калганы маалымдалган. Мамлекет башчысы ушул жылдын 19-мартында реабилитациялык комплекске барып, курулуш иштеринин талап кылынган көлөмү менен таанышып, аны реконструкциялоону баштоону тапшырган. Октябрь айында балдар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бул борборду ишке киргизүү үчүн каражат чогултуу максатында кайрымдуулук марафону жарыяланган. Марафондун жыйынтыгында 30 миллион 90 миң сом чогултулду жана комплекстин курулуш иштерин тездетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Долбоорго ылайык, комплекс 8 блоктон турат, анда төмөнкү бөлүмдөр болушу керек: аллергологиялык, онкологиялык, пульмонологиялык, акушердик-гинекологиялык, балдар хирургиясы, функционалдык диагностика жана неврологиялык бөлүмдөр. Ошондой эле, комплексте уктоочу бөлүмдөр, клиникалык лабораториялар, тамактануучу, кир жуучу жай жана магниттик-резонанстык томография орнотуу каралган. Комплекстин жайгашуусу Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги климаттык жана бальнеологиялык шарттарды эске алуу менен тандалган. Поликлиника бөлүмүнүн базасында Инновациялык кардиохирургия борбору ийгиликтүү иштеп жатат, анда кайрымдуулук фонддорунун эсебинен жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган беш бейтапка бекер операция жасалган.

42 бейтап амбулатордук түрдө кабыл алынды, анын ичинен экөөнө медициналык тез жардам көрсөтүлдү. Борбор зарыл медициналык жабдуулар менен жабдылган, бул дарылоо жана диагностикалык процедуралардын зарыл комплексин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун 10 орундуу балдар соматика бөлүмү ачылды. Эгер комплекс толук ишке кирсе, бир эле убакта 500 энеси бар баланы, анын ичинде чет өлкөлөрдөн келгендерди да кабыл ала алат. Президент курулуш иштерин тездетип, медициналык реабилитациялык комплексти 2022-жылдын 1-июнуна чейин бүтүрүүнү жана пайдаланууга берүүнү тапшырды.