Садыр Жапаров «Алтын балалык» үчүн Алымкадыр Бейшеналиевге ыраазычылык билдирди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында реконструкциялоодон кийин ишин баштаган “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексин ачты. Чогулгандардын алдында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Бүгүн биз алдыга койгон дагы бир максатыбызды ишке ашырып, «Алтын балалык» медициналык-реабилитациялык комплексин ишке берип жатабыз.

Өткөн жылы бул реабилитациялык борборду ишке киргизүү үчүн кайрымдуулук акциясы уюштурулуп, ага жалпы коомчулук — мамлекеттик органдар, кайрымдуулуку уюмдары, меценаттар катышкан эле. “Жабыла көтөрсө жүк жеңил” дегендей, ынтымактын, биримдиктин, тыкыр көзөмөлдүн негизинде бүгүнкүдөй жакшы саамалыкты элибизге тартуу кылып олтурабыз. Учурдан пайдаланып салым кошкон мекендештериме терең ыраазчылык билдирем.

Аты аталган комплекстин тарыхына кайрылсак, ал 1998-жылы Ысык-Көл районунда Майрам Акаеванын “Мээрим” фондусунун демилгеси менен эне-баланы коргоо боюнча долбоорду ишке ашыруу башталган экен. 2005-жылдын Март революциясынан кийин комплекстин курулушу токтоп калган. Андан кийин ар кандай себептер менен бул комплекстин курулушу жыйынтыкталбай келгендигине жалпыңыздар күбөсүздөр.

Өткөн жылы — 2021-жылдын март айында саламаттык сактоо министри менен бул борборго келип, ал-абалынан кабар алган элек. Ошондо республиканын аз камсыз болгон бардык үй-бүлөлөрүнүн балдарынын жана энелердин ден соолугун калыбына келтирүүгө багытталган бул комплекстин курулушун жандандырып, быйылкы жылдын 1-июнуна – Балдарды коргоо күнүнө карата бүткөрүү тапшырмасын берген элем. Кудай тилегибизди берип, балдардын ден соолугуна кам көрүүгө арналган бул жайдын курулушу жыйынтыкталып олтурат. Буюрса, ден соолукту чыңдоочу бул комплекс заманбап, акыркы үлгүдөгү жабдыктар менен жабдылган медициналык борборго айланды.

Бул комплекстин кереметтүү Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жайгашкандыгы дагы өтө маанилүү. Өзүңүздөр билгендей, көлүбүздүн климаты, бальнеологиялык шарттары негизи эле ден соолукту чыңдоого жана калыбына келтирүүгө абдан ыңгайлуу.

Медициналык-реабилитациялык борбор 8 блоктон турат. Ден соолукту калыбына келтирүүдө, чыңдоодо аллергология, онкология, пульмонология, акушердик гинекология, балдар хирургиясы, функционалдык диагностика жана неврология бөлүмдөрү балдарыбызга ийгиликтүү кызмат кылат деген үмүт-тилегибиз бар. Комплекстин долбооруна ылайык, бир эле мезгилде 400 бала энелери менен кабыл алынышы каралган. 

Бул борборго бүгүнтөн баштап 15-сентябрга республикабыздын ар кыл райондорунан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнөн балдар келип эс алып турушат. Ар он күн сайын 250 бала кабыл алынып турат.

Сөзүмдүн аягында айтаарым, былтыр март айында келип комплекстин абалы абдан кейиштүү экенин көрүп, министрге тапшырма берген элем “ушул комплексти 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата бүтүрүп, ишке киргизели” деп. Өзүңүздөр күбө болгондой балдардын биринчи агымы келип түштү. 10-15 күндүк майда-чүйдө жумуштары калыптыр. Аларды параллелдүү бүтүрө берсе болот. Ушунун баарын уюштуруп, бир жылдан ашуун эмгектенген  иштеген куруучуларыбызга, ар тараптан демөөрчүлөрдү таап курулуш иштерин бүтүргөн министрибизге терең ыраазчылык билдирип кетели”.