Садыр Жапаров Анкарада Режеп Тайып Эрдогандын инаугурациясына катышты

Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге кечээ, 3-июнда Анкара шаарында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен түрк лидеринин кызматка киришүүсүнүн салтанаттуу аземине ардактуу конок катары катышты.

Салтанаттуу иш-чара 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгыш тарабында жер титирөөдөн каза болгондорду бир мүнөттүк үн катпай эскерүү менен башталып, андан соң өлкөнүн мамлекеттик гимни жаңырды. Түркиянын шайланган президенти Режеп Тайып Эрдоган инаугурациялык сөз сүйлөдү. Андан кийин бардык жогорку даражалуу коноктор үчүн Түркия президентинин атынан расмий кабыл алуу иш-чарасы болду.