Садыр Жапаров: «Апрелчилер Убактылуу өкмөткө бир топ нааразычылыгын айтышты»

«Кабар» өлкө башчысы Садыр Жапаровго бир катар суроо менен кайрылып, маек курду. Анда Кыргызстанда чыгарылып жаткан паспорт, акциздик маркалар, коррупциялык көрүнүштөр, Шамбесай кени, Апрель окуясынын катышуучуларына курулчу фабрика, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунунун курулушу тууралуу сөз болду.

— Апрель окуясынын катышуучуларына фабрика куруу үчүн жер бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алынганы айтылууда. Чынбы же имиш кептердин бириби?

— Чын. Эки жылдан бери 2010-жылы Апрель окуясында жакындары каза болгон жарандарыбыз арыз-муңун айтып менин кабыл алуумда болуп келишет. Былтыр 100гө жакын адам кабыл алуумда болушуп, «Бакиев келип бизге кун төлөп берсин, сиз ушуну камсыз кылып, жардам бериңиз, сиздин колуңуздан келет, Дубайда мурдагы президенттерди чогулттуңуз го» деп суранышты. “Туугандар, мени Бакиев менен силердин ортоңорго аралаштырбагыла, ансыз деле менин башка баш оорум көп” деп баш тарткам. Арадан бир топ убакыт өтүп былтыр күз айларында дагы келишти. “Биз Бакиев менен сүйлөштүк, ал бизге 200 кишилик тигүү фабрикасын куруп берүүгө убадасын берди. Бизге жер бөлүп бериңиз, биз абдан кыйналдык, алды чет өлкөгө тентип кетишти, артыбыз жумушсуз кыйналып жүрөбүз” деп суранышты. Акыбалдарын байкасам, чынында эле кыйын экен. Ортодо убактылуу өкмөт тарапка бир топ нааразычылык сөздөрдү айтышты.

Кыскасы, эски жараны козгобой эле койгула, өткөн өттү, кеткен кетти, унуталы дедим. Баарынын акыбалын карап туруп бир чети боорум ооруса, экинчи чети 200 үй-бүлөгө шарт түзүп берем деп атса жакшы экен деген ойго келип, 1 гектардан ашыгыраак жер бөлдүрүп бердим. Мен 200 эмес, 2 эле үй-бүлөгө бирөө жарым шарт түзүп берип, жашоосун оңдоого салым кошсо кубанамын. Себеби ар бир кыргызстандыктын тагдыры өлкө башчы катары менин мойнумда. Ошол үчүн жер бөлүп бердим. Апрель окуясында жакындары каза болгондор 205 киши топтолуп, акционер болуп АК ачышыптыр. Жерди ошол АКга бердик. Жалгыз кишиге берген жокпуз.

Эми салынабы же жокпу айта албайм. Себеби апрелчилер менен Бакиев кандай сүйлөшүштү, эмне деп келишишти мага белгисиз. Кыскасы менден кетпесин деп жер бөлүп бердим. Убакыт берели, фабрика салынбаса, жерди кайра мамлекетке тез эле кайтарып алып коёбуз.