Садыр Жапаров: «Арам ой болуп жатса, мүлктү мыйзамдаштыруу мыйзам долбоорун кабыл албай койсоңор да болот»

Арам ой болуп жатса, мүлктү мыйзамдаштыруу мыйзам долбоорун кабыл албай койсоңор да болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Биз эч кимди кыйнабайбыз. Бирок бул мыйзам 1 тыйын болсо да, мамлекетке келип иштесин деген максат. Эки революцияда тең ак эмгеги менен акча тапкан байлар, эртең акчамды алып алышпасын деп, чет өлкөлүк банктарда катып жүрөт. Андан көрө ушул мыйзамды кабыл алып берсек, Кыргызстанга иштесин деген эле максат», — деди ал.