Жекшемби, 12.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров Аравандын тургундары менен жолугушууда эмне деди?

20:25 11.04.2026
0
Садыр Жапаров Аравандын тургундары менен жолугушууда эмне деди?

Садыр Жапаров бүгүн, 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун активи жана тургундары менен жолугушту.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы жылдары өлкөдө социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуу оң динамикасы камсыздалганын белгиледи. Жетишилген натыйжалар негизги тармактарда тартип орнотуу, көмүскө экономиканы кыскартуу, жоопкерчиликти күчөтүү жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу аркылуу мүмкүн болду. Муну менен бирге президент дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен калктын кирешесин жогорулатуу боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

“Эң алды менен бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин: мугалимдердин, дарыгерлердин, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин жана аскер кызматындагылардын маяналарын ырааттуу жогорулатуунун үстүндө иш алып баруудабыз. Буюрса, үстүбүздө айдын соңунда мугалимдер менен дарыгерлер жана маданият, спорт кызматкерлери көбөйтүлгөн эмгек акы алышмакчы”, — деди Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле өткөн жылы Ош облусунун бюджети 7,3 млрд сом деп белгиленген болсо, жыл соңуна чейин республикалык бюджеттен дагы 6,7 млрд сомго жакын каражат кошумча берилгенин айтты. 2026-жылы облустун бюджети 9,6 млрд сомду түзөт, ошол эле учурда Ош шаарын жана жалпы аймакты өнүктүрүүгө кошумча каржылоо каралган.

“Капиталдык салымдар” боюнча өткөн жылы облуска 8,5 млрд сом бөлүнүп, бул каражатка мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо, маданият, спорт, ичүүчү суу, ирригация жана башка объектилер курулган. Быйылкы жылы бул максаттарга 1,7 млрд сом каралып, бир катар объектилерде иштер улантууга берилет. Ошондой эле дагы кошумча каржылоо пландаштырылууда”, — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Мындан тышкары былтыркы жылы өлкөнүн Турукташтыруу фондунан 13 млрд сом бөлүнүп, Ош шаарын жана Ош облусун өнүктүрүүгө, облустар ортосундагы автожолдорду реконстукциялоо жана куруу боюнча инфратүзүмдүк долбоорлорго багытталган. Ушул жылдын алгачкы үч айында фонддон 200 млн сом бөлүндү. Кошумча жаңы долбоорлорду каржылоо пландаштырылууда.

“Азыркы мезгилде Ош облусу боюнча инфратүзүм, суу менен камсыз кылуу, саламаттык сактоо, экологияны коргоо, транспорт жана аймактарды өнүктүрүү секторлорунда 52 млрд сомдук 20 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Булардын бардыгы эл аралык донорлор менен каржы институттарынын инвестиция бөлүүгө кызыкдар экендигин, долбоорлорду ишке ашырууда туруктуу динамика бар экенин айкындайт”, — деди президент.

Ал ошондой эле жумушсуздукту жоюуга багытталган “Социалдык контракт” долбоору боюнча Ош облусундагы 3908 үй-бүлөгө жардам берилгенин кошумчалады. Ошону менен катар жаштарды эмгекке тартуу жана аларга стимул берүү, колдоо, өнүктүрүү максатындагы “Жаштар стажировкасы” долбоору пилоттук деңгээлде ишке ашырылууда.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле агрардык сектордун өнүгүшүнө токтолуп, Ош облусунун жана Араван районунун маанисин, ошондой эле фермерлерди колдоо боюнча ишке ашырылып жаткан чараларды жана ирригацияны жакшыртуу боюнча долбоорлорду өзгөчө белгилеп өттү. Мамлекет башчысы аймакты индустриялаштырууга, жолдорду курууга, социалдык инфраструктураны, анын ичинде саламаттыкты сактоо жана билим берүүнү өнүктүрүүгө, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө көңүл бурду.

Президент жалпы Ош облусу заманбап медициналык мекемелерге муктаж болуп турганын айтты. Мындан улам, республикалык бюджеттен жана башка каражаттардын эсебинен саламаттык сактоо мекемелеринин 3 объектиси: перинаталдык борбор, шаардык клиникалык оорукананын 300 орунга ылайыкталган жаңы имараты, кургак учукка каршы борбордун административдик корпусу курулуп жатат.

“Билим берүү тармагын алсак,  район аймагында 3 мектептин курулушу жүрүп жатат. Бир мектептин ачылышын бүгүн жасап, билим уясына ак жол каалап келдик. Мындан сырткары, заманбап стадион дагы талап кылынып жатканы тууралуу кабарым бар. Буюрса, бул дагы чечиле турган маселе”, — деди Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында педагогдорду материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүп жатканын белгиледи. Анын ичинде, Араван районунун мугалимдерине 1 135 ноутбук берилди, калган бөлүгү жыл ичинде камсыздалат. Бул педагогдорго окутуунун заманбап ыкмаларын активдүү киргизүүгө, санариптик технологияларды колдонууну кеңейтүүгө жана билим берүү процесси үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров ишке ашырылып жаткан долбоорлорду жана көйгөйлүү маселелерди чечүүнү көзөмөлдөп турарын, алар боюнча иш ырааттуу түрдө улантыла берерин баса белгиледи.

Андан ары жолугушуу суроо-жооп форматында улантылды.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Президент менен жолугушуу: Кара-Суу базарынын иштеши негизги темалардын бири болду

Президент менен жолугушуу: Кара-Суу базарынын иштеши негизги темалардын бири болду

Автор СЕРЕП МЕДИА
20:39 12.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районунун активи жана жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда аларды түйшөлткөн суроолорго жооп...

Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундарынын суроолоруна жооп берди

Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундарынын суроолоруна жооп берди

Автор СЕРЕП МЕДИА
20:15 10.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, жарандар социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык...

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ош облусуна барат

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ош облусуна барат

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:57 10.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош облусуна иш сапары менен барат. Мамлекет башчысы сапардын алкагында бир катар өнөр жай жана социалдык...

Аламүдүн районуна жаңы аким келди

Аламүдүн районуна жаңы аким келди

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:53 09.04.2026
0

Азамат Эргешов Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими кызматынан бошотулду. Анын ордуна аталган кызматка Урмат Айтиев аким болуп дайындалды.

Эдил Байсалов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды

Эдил Байсалов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:45 09.04.2026
1

Эдил Байсалов мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Ынтымак ордодон билдиришти. Буга чейин ал Министрлер...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Яков Чаплин Азия чемпионатынын коло медалын утту

Яков Чаплин Азия чемпионатынын коло медалын утту

21:14 12.04.2026
Президент менен жолугушуу: Кара-Суу базарынын иштеши негизги темалардын бири болду

Президент менен жолугушуу: Кара-Суу базарынын иштеши негизги темалардын бири болду

20:39 12.04.2026
Яков Чаплин Азия чемпионатынын коло медалын утту

Яков Чаплин Азия чемпионатынын коло медалын утту

21:14 12.04.2026
Президент менен жолугушуу: Кара-Суу базарынын иштеши негизги темалардын бири болду

Президент менен жолугушуу: Кара-Суу базарынын иштеши негизги темалардын бири болду

20:39 12.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү