Садыр Жапаров Аскар Акаевдин абдан чоң жетишкендигин айтып берди

«Көпчүлүк эл өлкөбүздүн бүгүнкүдөй абалга кептелишине дал ушул Аскар Акаев күнөөлүү, ал туура башкарганда мындай болмок эмес дегендей пикирлерди айтышат. Аскар Акаев юридикалык болбосо да, моралдык жоопкерчиликти сезиши керек беле? Мисалы, окуу жайлардын биринде лекция окуй турганы айтылып, ага студенттер каршы чыгышты» деген Кабар агенттигинин журналистине Садыр Жапаров төмөндөгүдөй жооп берди.

«Туура. Жарандарыбыздын арасында ошондой сөз кылгандар бар. Эми ал убакта кандай кыйынчылыктар болду, кандай тоскоолдуктар болду, азыр алардын баарына баа берип сындаш кыйын. Анткени ошол мезгилде Союз чачырап, 15 өлкө өз арабаларын өздөрү тартып калган учур болчу. СССР бардык мамлекеттерди бири-бирине байлап койгон экен. Бир эле техника өндүрүүдө керектүү заводдорду ар башка мамлекеттерге куруп коюшкан. Мисалы, бир тетиги бизден чыкса, экинчи тетиги Орусиядан, үчүнчү тетиги Украинадан чыгат. Анан баарын төртүнчү мамлекет жыйнап, чогултуп чыгарат. Ушул сыяктуу чырмалышкан маселелер көп болгон. Союз чачыраганда ошол байланыштар координацияланбай калды да. Бизде эле эмес, көпчүлүк өлкөлөрдө завод-фабрикалар жоюлуп кетти.

Ал эми “Кумтөр” сыяктуу маселеде оң жолду таап, айыл-чарба, мал-чарбачылыктарын чачыратпай сактап калса болмок. Бул өзүбүздөн көз каранды эле. “Иштебеген киши жаңылбайт” дейт. Иштеген киши сөзсүз кемчилик кетирбей койбойт. Жакшы жактарын дагы айтып коюшубуз керек. Биринчилерден болуп улуттук валютабызды жүгүртүүгө киргизген. Бул жерден абдан көрөгөчтүк кылган. Азыркыга чейин биздин валютабыз чөлкөмдөгү күчтүү валюта болуп, кунун жоготпой келе жатат. Бул ошол убактагы абдан чоң жетишкендик болгон», — деди ал.