Садыр Жапаров Астанага иш сапары менен барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан) барды. Мамлекет башчынын борту «Нурсултан Назарбаев» эл аралык аэропортуна конду.
Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов тосуп алды.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы 3-ноябрда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкө башчыларынын кезектеги онунчу Саммитинин ишине катышат.