Садыр Жапаров Астанага иш сапары менен барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда эл аралык Астана форумуна катышуу үчүн Астана шаарына (Казакстан) иш сапары менен барды. Мамлекет башчынын борту Нурсултан Назарбаев эл аралык аэропортуна конду.

Президентти Казакстандын премьер-министринин орун басары Алтай Кульгинов тосуп алды. Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров «Диалог аркылуу кыйынчылыктарды жеңүү: кызматташтык, өнүгүү жана прогресс жолунда» темасындагы форумдун пленардык сессиясына катышат. Ошондой эле бул диалогдук аянтчанын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландаштырылууда.

Форум Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин патронажы астында өтүп жатат, анда тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук, эл аралык өнүгүү жана туруктуулук, энергетика жана климаттын өзгөрүшү жөнүндө сөз болот.