Садыр Жапаров: «Атамбаев мага чейин УКМКнын көчүк айланбаган тар камерасында жаткан»

Мен бийликке келерим менен Алмазбек Шаршеновичке бардык шарттарды түздүрүп бергем. Мага чейин УКМКнын көчүк айланбаган тар камерасында жаткан. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

«Мен 47-колонияга котортуп, ээн-эркин басып турсун дегем. Бүгүнкү күнгө чейин каалагандай жашап келе жатат. Үй-бүлөсү, тааныш-билиштери, керек болсо журналисттер кенен-кесири кирип-чыгып жүрүшөт. Муну менен мен “таш менен урганды аш менен ур” деген бабалардын насаатын аткардым. Мен камакта жатканда мунун бири жок болчу. Колониянын башчылары «сиз катуу көзөмөлдө турасыз» деп так секирип качышар эле.

Жакындарым менен бир айда эки жолу гана жолукчумун. Мыйзам чегинде. Жаткан жеримди күн сайын тинтүү жүргүздүрүп турчу. Телефонумду күндүз катып, түнкүсүн колдончумун. Менин табиятымда өч алуу же кек сактоо деген сапатым жок. Кудайга койдум деп ичимден эле айтып коюп, баарын ошол замат унутуп коём. Болбосо өч алып, ата-энем менен баламдын кунун куусам болот эле. Менин жакындарымды жоготконума Атамбаев күнөөлүү деп айтпайм. Бирок себепчи болгон ушул киши да. 13 бир тууганды небере-чөбөрөлөрү менен бирдей камап, карыган атамдын өзүн таштап коюшуна себепчи болду. Атам өлгөндө топурак салып келүүгө жибербей койду. Кийин энем кетти. Дагы жакшы ал убакта Сооронбай Жээнбеков топурак салып, акыркы сапарга узатып келүүгө мүмкүнчүлүк берди. Андан кийин балам кетти. Албетте, мунун баары Кудайдан. 

Атамбаев тобоо деш керек. Бардык сот процесстери бүтсүн, анан чечим кабыл алабыз. Ал да Кудайдын бир макулугу, пендеси. Жаманбы-жакшыбы алты жыл эл башкарды. Өзү айткандай, бир жерин кысып тынч олтуруп турсун. Айтып койгула. Дагы адашып кетип үстөккө-босток кылмыш иштерин башына үйүп албасын», — деди ал.