Садыр Жапаров: «Атамбаевди кечирдим»

Президенттик жарышта башкы фаворит аталып жаткан талапкер Садыр Жапаров «Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө кеңири маек берди. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кечиргенин айтат.

«Кескиленип жатканым боюнча, ал иш Алмазбек Шаршеновичке байланыштуу болгон. Ал киши учурда абакта отурат, ошондуктан ашыкча сөз айтканымдын кереги жок. Ал эркиндикке чыкса, анан ийне-жибине чейин айтып берем. Бардык нерсе Кудайдын буйругу менен болот. Атамбаев себепчи гана болгон. Кудай кечиримдүүлөр тарабындамын дейт экен. Ошонүчүн Атамбаевди кечирдим», — дейт Жапаров.

Садыр Жапаровдун маегин шилтемеден табасыз.