Садыр Жапаров автобус кураштыруучу ишканага барды

Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында ата мекендик автобустарды кураштыруу менен алектенген «Белес.kg» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Мамлекет башчысына жүргүнчү ташыган «Белес» автобусун иштеп чыгуу долбоору менен алектенген компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.

«Белес.kg» ТС — WMI Code K59 уникалдуу кодун берген «SAE» (АКШ) унаа инженерлери тарабынан тастыктама алып, бул өндүрүштү уюштурууга жана дүйнөлүк компаниялар менен кызматташууга жол ачкан. Пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн өнөктөштөр менен тыгыз байланыш түзүлүп, DAF Components (Нидерланд), ZF Friedrichshafen AG (Германия), НПП ИТЭЛМА (Россия) жана SSAB (Швеция) чет элдик компаниялар менен тетиктерди алууга келишимдер түзүлдү.

«Нөлдөн баштап, толук кураштыруу кыргызстандык адистер тарабынан ишке ашат, ошондуктан автобусту толугу менен ата мекендик продукция деп атоого болот. Бүгүнкү күндө Евро 5 стандартындагы дизелдик кыймылдаткыч менен жабдылган шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттун сыноодогу үлгүсүн чыгаруу аяктады. Жакынкы күндөрү үлгү лабораториялык жана талаа сыноолорунан өтүү үчүн Кыргызстандын сыртына жөнөтүүгө даярдалып, андан соң өндүрүштүк масштабда чыгаруу пландалууда. Дүйнөдө экологияга зыян келтирбеген транспорттун актуалдуулугун жана Бишкек шаарындагы абанын булганышы боюнча учурдагы кырдаалды эске алуу менен компания кезектеги сыноодогу үлгүсүн электр кыймылдаткычы менен чыгарууну чечти.

Биринчи ата мекендик автобусту Садыр Жапаров өзү рулга отуруп сынап көрдү. Ал жүргүнчүлөр үчүн сапат, коопсуздук жана ыңгайлуулук боюнча бардык заманбап талаптарга жооп берген ишенимдүү автобустарды чыгаруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Мамлекет башчысы мындай долбоорлорду ишке ашыруу өлкөдөгү бир катар социалдык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечерин баса белгиледи», — деп айтылат маалыматта.