Садыр Жапаров автотранспорт салыгын жоюп, буга чейин төлөй электерге кечирим берди. Бул тууралуу президент Фейсбук баракчасына жазды.
«
Автотранспортко салыкты толугу менен жоюу боюнча тапшырма берип, жарлыкка кол койдум. Бул чечим “Жол фонду жөнүндө» мыйзамга күйүүчү майдын ар бир литринен бир сомдон чогултуу каралган өзгөртүүлөр күчүнө киргендигине байланыштуу. Транспортко мындан ары салык алынбайт, анын ордуна 1-январдан тарта ар бир айдоочу унаасына куйган ар бир литр бензин же дизелден бир сомдон алынып баштады», — деп жазды өлкө башчысы.
Ал эми 2025-жылдын 1-январына чейин автотранспортко салык төлөбөй келген жарандарды салыктан бошотуу (амнистия) каралган.