Садыр Жапаров «Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флайды кабыл алды

Кечээ, 11-февралда президент Садыр Жапаров Эркин Европа/Азаттык радиосу медиакорпорациясынын президенти Жейми Флайды анын өтүнүчү менен кабыл алды.

Мамлекет башчы Кыргызстанда эркин жана демократиялык өлкө катары көз карандысыз маалымат каражаттарынын толук кандуу иштеши үчүн бардык шарттар бар экенин, сөз эркиндиги болсо коомдун турмушунун ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров баардыгы үчүн бирден-бир талап – бул улуттук мыйзамдарды сактоо экенин, ага ылайык жалган маалыматтарды таратууга тыюу салынганын баса белгиледи. Өз кезегинде Жейми Флай мамлекет башчысына жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле Кыргызстандагы сөз эркиндигинин жогорку деңгээлин ырастады.

Буга чейин 2021-жылдын сентябрь айында Садыр Жапаров «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти жана башкы аткаруучу директору Жейми Флайды кабыл алган болчу.