Садыр Жапаров Азербайжандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджевди анын дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчысы Азербайжан Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү экенин жана өлкөлөр ортосундагы мамилелер жалпы тарых, маданият, тил, руханий жана диний баалуулуктардан келип чыккан бекем достук жана бир туугандыкка негизделгенин белгиледи. Президент элчиге жана анын жакындарына чың ден соолук жана мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгилик каалап, ошондой эле Азербайжан президенти Ильхам Алиевге салам жолдоону өтүндү.

Азербайжандын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджев мамлекет башчысына ыраазычылык билдирип, ошондой эле Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин боордош Кыргызстандын элине эң жакшы каалоо-тилектерин билдирди.