Садыр Жапаров: «Азыр деле жакырчылык, кымбатчылык, жумушсуздук курч көйгөй экенин жакшы билем»

«Азыр деле бизде жакырчылык, кымбатчылык, жумушсуздук курч көйгөй болуп атканын жакшы билем». Бул тууралуу бүгүн, 22-майда “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп жатып айтты.

«Кабатырлануу менен күн сайын ойлонуп, толгонуп, тынчсызданып келем. Өзгөчө азык-түлүк кымбаттоонун үcтүндө болуп жатканын көрүп турам. Бир катар продуктылардын баасы 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 1,5 эсеге өстү. 

Бизге экономикасы алсыз өлкө тапшырылганын мурда эле билчүмүн. Бирок өзүбүз эч нерсе чыгарбай, чыгара да албай калганыбызды мен бийлик башына келгенде көрүп-билип, ардандым, ачууландым. 

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо тууралуу көп жылдардан бери айтылып келатканы менен, мунун баары курулай сөз бойдон эле кала бериптир. Жада калса этти да, жашылча-жемиштерди да чет өлкөдөн импорттоп ташыганга мажбур болуп калыптырбыз. 

Өткөн эки жылдын ичинде буудай, кумшекер, суу май, күйүүчү май, мазут, дизелдик отун, курулуш жана өнөр-жай товарларына болгон дүйнөлүк баалар эбегейсиз кымбаттаганын да жакшы билесиздер. 

Муну менен импортко жана тышкы экономикага көз каранды болгон өлкө катары кымбатчылыктын толкунун баштан кечирип, дүйнөлүк инфляция өлкөбүзгө өз залакасын тийгизүүдө», — деди ал.