Садыр Жапаров баалуу металл чыккан жерлерди мамлекет өзү иштетерин айтты

«Мындан ары баалуу металл чыккан жерлерди мамлекет өзү иштетет. Буга чейинкилерди эмес, мындан кийинкилерин айтып атабыз«. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров маалымат жыйында билдирди.

«Мындан ары жер казынасын пайдалануучулардын бардык рекультивациялык эсептери мамлекеттик банктарда топтолот. Стратегиялык объектилерди ишке киргизүү боюнча ушул жылдын мартында Талас облусундагы Жер-Үй кенинде алтын кен комбинаты ишке киргизилди. Алдын ала эсептөөлөргө караганда кенди иштетүүдөн Кыргызстандын бюджети жыл сайын 4 миллиард сомго чейин салыктык жана башка төлөмдөрдү алып турат, ал эми Талас облусун өнүктүрүүгө болжол менен 300 миллион сом түшөт», — деди өлкө башчысы.