Садыр Жапаров: «Байлар акчасын чет өлкөлөрдө кармап жатышат. Биз ошолорду Кыргызстанга алып келели деп жатабыз»

«Жакында эле дагы бир мыйзам долбоорун талкууладыңар. Ал мүлктү легалдаштыруу мыйзам долбоору болчу. Араңыздарда бул мыйзамды да сындап чыккандар болду». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаров билдирди.

«Байлардын, мурдагы чиновниктердин, ичкен-жегендердин адалдаштырып берип жатасыңар дегендер болду. Ооба, өлкөдө 200дөн ашык байлар бар. Башка өлкөдөгүдөй эле миллионерлер бар. Бирок алар акчаларын чет өлкөлөрдө кармап жатышат. Кыргызстанда эмес. Чет өлкөлөрдө завод-фабрикаларды куруп жатышат. Октябрь окуяларынан кийин колдон келишинче алдын 2 миллиард, артын 100 миллион долларга чейин төктүрүп, колдон келишинче алгандай болдук. Бирок дагы эле чет өлкөдө катып жаткан акчалар көп. Бул мыйзамдын максаты — катып жаткан акчаларды Кыргызстанга алып келип, биздин банктарга салса, биздин банктар пайда көрөт. Байлардын арасында менин бир тууганым же досум жок», — деди ал.