Садыр Жапаров: «Бакиев ырайым сурап кайрылса, ырайым бергенге, же баш тартканга укугум бар»

Бакиевдер Кыргызстанга келе турган болсо камакка алынабы? Бул суроого өлкө башчысы Садыр Жапаров жооп берди.

«Аскар Акаевден айырмаланып, Курманбек Бакиевге каршы козголгон кылмыш иши бар. Соттун чечими бар. 30 жылга соттолгон. Ал чечим бүгүн да күчүндө турат. Келсе, албетте, камакка алынат. Биз, баарыбыз мыйзамдарга баш ийип жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Соттун чечимдерин жокко чыгарууга менин да акым жок. Мен болгону, эгер Курманбек Бакиев ырайым сурап кайрылса, ырайым бергенге, же баш тартканга укугум бар. Беремби же бербейминби, аны да 2010-жылы жабыркаган элдин пикирин эске алып туруп, чечим кабыл алышым керек», — деди ал.