Садыр Жапаров «Бакиевди кармагандын ордуна эмнеге жолугуп жүрөт» дегендерге жооп берди

Президент Садыр Жапаров «Курманбек Бакиевди кармагандын ордуна эмнеге жолугуп жүрөт?» дегендерге жооп берди.

«Ооба, ал киши боюнча “соттолду” деген соттун чечими бар. 13 жылдан бери Беларуска биздин Башкы прокуратура “бизге өткөрүп бергиле” деп 4 жолу суроо-талап жөнөткөн экен. 4 жолу тең баш тартышкан.

Менин жолугушуум боюнча айтсам, Баш мыйзамыбыз биздин эң жогорку мыйзам. Мыйзамдардын атасы. Баш мыйзамдын 66-беренесинин 2-пунктунда “Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин камсыз кылат” деп милдеттендирип турат. Мен милдетимди аткарып жатам. Ал эми жоопко тартылуусу боюнча болсо, ар бир адам Кудай алдында, тарых алдында, мыйзам алдында өзүнүн күнөөсү үчүн жооп берет», — деди ал.

Ал ошондой эле Курманбек Бакиев өлкөгө келсе камакта отурушу керектигин айтты. «Көпчүлүк бул жолугушуу ушул максатты көздөгөнүн жазышууда. Эгер Бакиевди алып келе турган болсок, анда Дубайда эмес, Бишкекте эле чогултмакпыз да. Бакиевден башкасынын баары Бишкекке келе алат. Бакиевге соттун чечими бар. Ал келсе камакта олтуруш керек. Соттун чечимдерине баш ийишибиз керек», — деди өлкө башчысы.