Садыр Жапаров: «Балам, токточу, карачы» деп атам биринчи жолу ак илбирсти көрсөткөн»

«The Independent» британ басылмасында президент Садыр Жапаровдун климаттын өзгөрүүсүнүн тоолуу өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга таасири жөнүндө, экология маселелери, климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасирлеринин кесепеттери менен күрөшүүдө комплекстүү чараларды кабыл алуунун маанилүүлүгү жөнүндө эксклюзивдүү интервьюсу жарыяланды. Анда ал Кыргызстан ак илбирстерди коргоо үчүн колдон келгендин баарын жасап жатканын айтты.

«Бала кезимде атам менен тоого көп барчумун. Ал токойчу болчу, анын иши – чөп чабуу эле. Эсимде, атамды ээрчип жүргөн ошондой балалык күндөрдүн биринде ал капысынан “Балам, токточу, карачы” деп калды. Анын дүрбүсү боло турган. Ошондо өмүрүмдө биринчи жолу ак илбирсти көргөм. Биз Кыргызстанда ошол мен көргөндөгүдөй илбирстерди коргоо үчүн колдон келгендин баарын жасап жатабыз, бирок эл аралык коомчулук чара көрбөсө, менин неберелерим бала кезимде атам менен көргөндү эч качан көрбөй калабы деп корком”, — деген өлкө башчысы.