Садыр Жапаров Балыкчы-Барскоон унаа жолун куруу маселесин иликтөөнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын эмгек жамааты менен баарлашууда өлкөнүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигине «Кумтөр Голд Компани»  менен биргеликте Балыкчы-Барскоон автожолун куруу маселесин иликтеп баштоону тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчысы унаалардын үзгүлтүксүз, коопсуз жана ыңгайлуу жүрүшү үчүн бардык зарыл болгон заманбап стандарттарга жана талаптарга жооп берген кең тилкелүү жана сапаттуу жол куруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Быйыл даярдык иш-чаралары жана курулуш иштери башталат деп болжолдонууда, ушул жылдын күз мезгилине чейин автожолдун бир катар тилкелерине асфальт төшөө жана курулуш иштерин 2022-жылдын жаз мезгилинде улантуу пландалууда.

Садыр Жапаров учурдагы жол эгемендүүлүк жылдарынан бери оңдолбой келе жаткандыгын, ошондой эле жолдун кууш экенин баса белгиледи. Президент ишенимдүү жана заманбап транспорттук инфраструктураны жолго коюу аймактын экономикалык абалынын чыңдалышына, анын ичинде Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы туризм тармагын өнүктүрүүгө чоң түрткү берерин баса белгиледи.