Садыр Жапаров башкы прокурордун дагы бир орун басарын кызматтан бошотту

Кечээ, 19-январда президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Турусбек Ишеналиев башкы прокурордун орун басары кызматынан берген арызы боюнча бошотулду.

Буга удаа эле Үмүткан Конкубаева башкы прокурордун орун басары болуп дайындалды.

17-январда президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Абай Молдокматов башкы прокурордун биринчи орун басары кызматынан бошотулган болчу. Аталган кызматка ошол эле күнү Улукбек Султанов дайындалган эле.