Шейшемби, 03.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров Баткен мэриясына футбол комплексин курууга 1 миллиард сом бөлүнөрүн айтты

14:31 20.03.2025
0
Садыр Жапаров Баткен мэриясына футбол комплексин курууга 1 миллиард сом бөлүнөрүн айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-мартта Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө Баткен шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жаңы окуу-дарылоо жана илимий комплексин жана өлкө боюнча онлайн режиминде 15 социалдык объекттерди ачты.

Мамлекет башчысы облустун таланттуу жаштарын өнүктүрүү, эл арасында сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу үчүн Баткен шаардык мэриясына футбол комплексин курууга Мамлекеттик турукташтыруу фондунан 1 миллиард сом акча каражаты бөлүнөрүн жарыя кылды. Мындан тышкары ал облус борборун ар тараптан өнүктүрүү максаттарынын алкагында алдыдагы жылдары жаңы шаар куруу боюнча иш-пландар бар экенин да кошумчалады.

Президент баткендиктерге кайрылуусунда күн менен түн теңелип, жаратылыш тегиз жанданып, жаңыланып жаткан мезгилди жар салган Нооруз майрамын утурлай чек аранын такталышына бир эле алар эмес, бүтүндөй Кыргызстан эли кубанып турганын айтты. Ал Кыргызстандын чеги Баткенден башталарын, мына ушул чек арада дүрбөлөң болсо, бүтүн Кыргызстанга доо кетерин белгиледи. Президент чек аранын толук такталышы менен бул маселеге чекит коюлганына ишенимин билдирди. Ал көчүүгө туура келген баткендик туугандарды мамлекет көңүл сыртында калтырбарын айтты. Бийлик мыкты шарттары менен жаңы, заманбап үйлөрдү салып берүүнү өз мойнуна алат.

“Мындан ары кыргыз-тажик чек арасы – тынчтыктын, бейпилдиктин чек арасы, ынак коңшулук кызматташуунун чек арасы болот. Баткенде бейпил турмуш өкүм сүрүп, жалпы журтубуздун санаасы тынчыйт”, — деди мамлекет башчысы.

Бул заманбап медициналык борбор компьютердик томография, санариптик рентген аппараты, ультрадобуштук жана эндоскопиялык изилдөө жабдыктары менен жабдылган. Клиникада 76 орундуу стационар, 96 орундуу жатакана жана 160 кишиге ылайыкташтырылган заманбап конференц-зал бар. Клиниканын курулушуна 292 млн сом, ал эми медициналык жабдууларга 99 миллион сом сарпталган.

Ошондой эле, бир мезгилде президенттин катышуусу менен республика аймактарында 15 социалдык объекттин, анын ичинде: 6 мектеп, 4 бала бакча, 2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, 1 музыкалык мектеп жана 2 спорт залдарынын онлайн-форматта ачылышы болду. Курулган мектептерде окуучуларды сапаттуу окутуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн, класстык кабинеттер, лабораториялар атайын жабдуулар, эмеректер жана окуу-методикалык материалдар менен толук жабдылган.

 

1 / 4
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Президенттин Чүй жана Баткендеги өкүлдөрү бошотулду

Президенттин Чүй жана Баткендеги өкүлдөрү бошотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
21:03 03.03.2026
0

Айбек Шаменов президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулуп, анын ордуна Мамыржан Рахимов президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү...

Эдил Байсалов: «Кымбатчылык маселесин президент жеке өзү көңүл чордонунда кармайт»

Эдил Байсалов: «Кымбатчылык маселесин президент жеке өзү көңүл чордонунда кармайт»

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:27 27.02.2026
0

"Азыркы учурда «бюджетибиз 3,5 эсеге көбөйүп, экономикабыз 10-11% өсүү темпи менен өнүгүүдө» деген сыяктуу жаңылыктар жарыяланган сайын, калкыбыз тарабынан «кымбатчылык»...

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өтөт

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өтөт

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:36 27.02.2026
0

Бүгүн, 27-февралда “Ынтымак Ордодо” президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өтөт. Иш-чарага Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин...

Жогорку Кеңештин депутаттык топторунун аты өзгөртүлдү

Жогорку Кеңештин депутаттык топторунун аты өзгөртүлдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:57 26.02.2026
0

Жогорку Кеңештин «Мекенчил» депутаттык тобунун аты «Ынтымак - Мекенчил» деп өзгөртүлдү. Бул тууралуу чечим аталган депутаттык топтун жыйынында кабыл алынды....

Медербек Алиев Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланды

Медербек Алиев Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланды

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:53 26.02.2026
0

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 26-февралдагы жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басарын шайлоо маселесин карашты. «Эл үмүтү -...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

11:42 03.03.2026
Президенттин Чүй жана Баткендеги өкүлдөрү бошотулду

Президенттин Чүй жана Баткендеги өкүлдөрү бошотулду

21:03 03.03.2026
Дубай аэропорту Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери алгачкы жүргүнчү учактарын жөнөттү

Дубай аэропорту Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери алгачкы жүргүнчү учактарын жөнөттү

09:48 03.03.2026
Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

1
Президенттин Чүй жана Баткендеги өкүлдөрү бошотулду

Президенттин Чүй жана Баткендеги өкүлдөрү бошотулду

21:03 03.03.2026
Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

17:53 03.03.2026
4-марттан тарта Жидда – Ош багыты боюнча каттамдар кайра уча баштайт

4-марттан тарта Жидда – Ош багыты боюнча каттамдар кайра уча баштайт

17:47 03.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү