Садыр Жапаров Баткендеги жаңжалдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон берилерин айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыр тарткан Лейлек районунун Максат айылына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы талкаланган мектептин аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, жаңжалда курман болгондорго багыштап куран окуду. Президент бүгүнтөн баштап Максат айылында жана башка жапа чеккен айылдарда калыбына келтирүү боюнча курулуш иштери башталарын, бузулган үйлөрдүн ордуна жаңы заманбап турак-жайлар куруларын белгиледи. Анын айтымында, курулуш иштерин эки айдын ичинде бүткөрүү болжолдонууда. Ошондой эле талкаланган социалдык жана коммерциялык объектилерди калыбына келтирүү иштери да башталат.

Садыр Жапаров медициналык жардам көрсөтүү үчүн Баткен облусуна жиберилген мобилдик клиникалар жөнүндө да айтып берди. Мобилдик клиникалар 5 жыл аралыгында республиканын бардык аймактарын кезек-кезеги менен кыдырып, бийик тоолуу жана алыскы райондордун жашоочуларына акысыз медициналык кызмат көрсөтөт. Ошону менен бирге мамлекет башчысы жакын арада Баткен облусуна өзгөчө статус берилерин, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөнөрүн, жабыркаган ишкерлерге дагы жардам көрсөтүлөрүн баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундардын көйгөйлүү суроолоруна да жооп берди. Тургундар негизинен мамлекет тарабынан колдоо, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процесси, пенсия жана жөлөк пулдар, жоголгон документтерди калыбына келтирүү, жолдорду оңдоо жана башка маселелер боюнча суроолорун узатышты. Жергиликтүү тургундар менен жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик органдарына бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди.